Алыш бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

Алыш бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

Бишкек шаарында 20-21-февраль күндөрү алыш бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу өттү.

Мелдештин алгачкы күнүндө алыштын классикалык түрү боюнча 6 салмакта 213 мырза жана эркин түрүнөн 37 кыз-келин күрөшүштү. Экинчи күнүндө ушул эле балбандар эркин түрүнөн килемге чыгышты.

Мырзалар арасында Марлен Абдурасулов (60кг), Бекмамат Бейшенов (70кг), Мадамин Шаршенали уулу (80кг), Жаныбек Аллакулов (90кг), Акылбек Торобеков (100кг) жана Кадыр Келсинбеков (+100кг) чемпион атыгышты.

Кыз-келиндер арасында Элзада Момунжанова (55кг), Мээрим Момунова (60кг), Бактияр к Нурзат (65кг), Мыктыбек к Нурзада (70кг), Адина Нурматова (75кг) жана Нагира Сарбашева (+75) жеңүүчү атыгышты.

Рубрики: СПОРТ
Тэги: алыш Күрөш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>