Андрей Малахов түз эфирде сүйлөгөн сөзү боюнча үн катып, кыргыз элинен кечирим сураган жок

Андрей Малахов түз эфирде сүйлөгөн сөзү боюнча үн катып, кыргыз элинен кечирим сураган жок

Орусиялык теле алып баруучу Андрей Малахов түз эфир учурунда кыргызстандык таксистти кылмышка күнөөлөп,  кыргыз элине акаарат келтиргени боюнча үн катканын орусиялык  “Газета.ру” басылмасы жазды.

“Дароо эле айтайын, биздин телепрограммада ондогон улуттун өкүлү ынтымактуу иштейбиз. Көрсөтүүдө журналист катары менин милдетим, маркумдун апасын корго менен бирге уулунун өлүмүнүн себебин түшүндүрүү болгон», -деген ал.

Ошондой эле Малахов укук бузуучулардын жабырлануучулар менен кылмышкерлердей эле улуту жок экенин белгелеп өткөн.

«Татьяна Маругова күнөөлүүнүн өзүнөн болбосо да анын өкүлдөрүнөн биринчи жолу кечирим сураганын укту. Анан калса менин айткандарымды кээ бир кыргыздар туура эмес түшүнүп калганына өкүнүп турам”, — деген теле алып баруучу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>