Апрель окуясында жакындарын жоготкондор: Бакиевди көрсөткөн эки телеканал жабылбаса митингге чыгабыз

Апрель окуясында жакындарын жоготкондор: Бакиевди көрсөткөн эки телеканал жабылбаса митингге чыгабыз

Бүгүн, 1-августта «Мекен Шейиттер» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп жатышат. Алар Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди көрсөткөн жергиликтүү эки каналдын жабылуусун талап кылышууда.

«Мекен Шейиттери» коомдук бирикмесинин мүчөсү Жылдызбек Исаков: «Кыргыз элинин душманын жергиликтүү каналдардан көрсөтүү бул элди шылдыңдоо», — экенин билдирди. билдирди.

«Бул каналдар мыйзам чегинде жооп берсин, элдин алдында кечирим сурашсын, Эл душманын жергиликтүү телеканалдан көрсөтүп жатышат. 7-апрелде канчалаган аялдар жесир, балдар жетим калды», — деген нааразычылыгын айтты Исаков.

Аталган коомдун өкүлдөрү эки каналга тиешелүү чаралар көрүлсүн деген талап коюшту. Эгерде мыйзам чегинде жоопко тартылбаса митингге чыгышарын кошмчалашты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>