Ар бир кылган ишиме жооп беремин. Балбак Түлөбаев Азиз Суракматовдун камалуусу боюнча үн катты

Ар бир кылган ишиме жооп беремин. Балбак Түлөбаев Азиз Суракматовдун камалуусу боюнча үн катты

Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Суракматовдун учурунда мэриянын аппарат жетекчиси болгон Балбак Түлөбаев Азиз Суракматовдун камалуусу боюнча өз оюн билдирди.

Азиз Суракматовго байланыштуу көп суроолор берилип жатканын айтып, акыркы окуялардан кийин оор абалда калганын айткан.

“Чогуу иштедик, көп иштер жасалды шаарда. Соттордун, коопсуздук күчтөрдүн адилетүү териштирүүсүнө ишенем, ишенгим келет. Коом өзгөрдү, жакшы нерселер болуп жатат. Табуулар, адаттар жыгылууда. Өткөндө айттым өлкө үчүн, балдарыбыз үчүн адилетүү коом курулууда. Баарыбыз мыйзам алдында бирдейбиз, мыйзамсыз иш кылсак жооп тартабыз. «Эр жигиттин башы канжыгада».

«Беш манжа тең эмес». Мени качан камалат экен я дегендер да бар. Түшүнсөк болот. Мени «сүйүп» аткандар да жок эмес. Таза, түз иштегенге дайыма аракет кылдым, ар бир кылган ишиме жооп беремин. Кудайга шүгүр жаман ишке барган жокмун. Эми убакыт көргөзөт. Актануу эмес жараткан алдында, достук алдында, абийр алдында парзым. Эч бир убакта башыңарды жерди каратпайм. Кудай баарыбызга сабырдуулук берсин”, — деген Түлөбаев.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>