Кыргыз-Өзбек чек арасы: Араванда Өзбекстан тосуп алган Керкидан суу сактагычынын айланасына жергиликтүү эл чогулууда

Кыргыз-Өзбек чек арасы: Араванда Өзбекстан тосуп алган Керкидан суу сактагычынын айланасына жергиликтүү эл чогулууда

Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл округунунун тургундары Өзбекстан тосуп алган Керкидан суу сактагычынын айланасына 11-сентябрда кайрадан чогулушту. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери аталган Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги участокту тосо баштаганы кыргызстандык тургундардын нааразылыгын жаратып, ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон. Мунун алдында Араван районунун Төө-Моюн айыл округундагы «Керкидан суу сактагычынын айланасын Өзбекстандын аскерлери тосуп алды» деген видеокабарлар тараган.

20-30дай жергиликтүү жашоочу тосмолонгон жер Кыргызстанга караштуу экенин, Өзбекстандын жоокерлери кетишин талап кылышууда. Бул маселе бүгүн Ош шаарында талкууланат деп кабарланууда.

Чек аранын аркы бет тарабында көз мерчем менен алганда 35тей өзбек жоокери, бир нече аскердик техникалар жүрөт.

Жергиликтүү бийлик аталган тилке коңшу өлкөнүн башка аймагы менен алмаштырылганын, делимитациясы бүтүп, демаркациясы бүтө электигин билдирүүдө. Кыргыз тараптын жүйөсүндө тараптар толук макулдашкыча Өзбекстан зым жана белгилерди коюуга укугу жок болгон.

2015-жылы Аравандын аталган суу сактагычындагы 400 гектардай жерди Өзбекстан тосуп алганы кабарланып, жергиликтүү эл нааразылык акциясына чыккан. Анда тилке Өзбекстанга сатылып кеткени тууралуу кабар тараган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>