Араванда авиакассадан 500 миң сомдон ашык каражат уурдаган адам колго түштү

Араванда авиакассадан 500 миң сомдон ашык каражат уурдаган адам колго түштү

Араванда авиакассадан 500 миң сомдон ашык каражат уурдап кеткен адам колго түштү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26 — февраль күнү Араван районунун С.Юсупов айыл аймагынын тургуну Я.З.А. анын А.Анаров айыл аймагында жайгашкан авиакаттамдарга билет сатуучу иш бөлмөсүнөн белгисиз атуулдар 480 000 сом, 25 000 рубль жана 6 даана паспорт уурдап кетишкенин Араван РИИБне билдирген. Натыйжада, Я.З.А.га 505 000 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Бул окуя «Уурулук» беренеси менен кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Араван РИИБдин кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам- чаралардын натыйжасында кылмышка шектүүнүн изине түшүшкөн.

2021-жылдын 27-февраль күнү Араван РИИБдин тергөө кызматына Кара-Суу районунун Шарк айылынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 54 жаштагы А.М.Т. алып келинген. Ал жактоочусунун катышуусунда өз көрсөтмөсүндө уурулук жасагандыгын билдирип, 6 даана паспортту тергөө кызматына өткөзүп берген.

Ал эми А.М.Т. өз көрсөтмөсүндө уурдалган акча каражаттарын үйүнө бекитип койгонун билдиргендиктен, анын үйүнө жактоочусу менен барган учурда 300 000 сом табылып, тергөө кызматына өткөзүп берген. Шектүүнүн айтуусу боюнча ал акча иштетпегенин жана уурдаган учурда ушул сумма болгондугун көрсөткөн.

2021-жылдын 27-февраль күнү шектүү А.М.Т. Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>