Арстан Алайдын “Мен Кудаймын” деген сөзү боюнча соттук териштирүү башталды

Арстан Алайдын “Мен Кудаймын” деген сөзү боюнча соттук териштирүү башталды

Арстан Алайдын (Арстанбек Абдылдаев) “Мен Кудаймын” деген сөзү боюнча соттук териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

[su_quote]Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин “улут аралык, рассалык жана диний кастыкты козутуу” беренеси менен  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Диний жана лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыккан соң Арстан Алайдын сөзүнө укуктук баа берилет.[/su_quote]

16-октябрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төргагасы Зайырбек Эргешов Арстан Алайдын “Кудаймын” деген сөзү экспертизага жөнөтүлгөндүгүн айткан.

Белгилей кетсек, коомчулукка “зима не будет” деген сөзү менен таанымал болгон Арстан Алай жергиликтүү телеканал аркылуу өзүн кудай катары сыпаттап келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>