Артыкпай Сүйүндүков «Шамбала» тасмасы үчүн «Ника» сыйлыгына ээ болду

Артыкпай Сүйүндүков «Шамбала» тасмасы үчүн «Ника» сыйлыгына ээ болду

Кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы «КМШ, Балтика жана Грузиянын мыкты тасмасы» номинациясында «Ника» сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, «Ника» улуттук кинематографиялык сыйлыгы — кинематография жаатындагы жетишкендиктери, анын ичинде илимий жана улуттук кинонун өнүгүшүнө кошкон профессионалдык сыйлык катары түзүлгөн. Сыйлыкты «Ника» Орус кинематографиялык искусство академиясы негиздеген.

«Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак Кеме» романынын негизинде тартылган. Сыйлык тапшыруу аземи 25-апрелде Москва шаарында өттү.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>