Арыста жарылуудан жабыркаган 5 миңге жакын турак үй оңдолууда

Арыста жарылуудан жабыркаган 5 миңге жакын турак үй оңдолууда

Казакстандын Арыс шаарындагы жарылуудан жабыркаган турак үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн 197 курулуш компаниясы тартылды. Бул тууралуу “Хабар 24” агенттиги жазды.

Маалыматка караганда 4504 жеке менчик, 100дөн ашык көп кабаттуу үй жана 65 коомдук мекемелерди калыбына келтирүү жумуштары жасалууда. Учурда миңден ашуун жеке менчик турак үй оңдоодон өткөн.

Оңдоо жумуштарына 6159 адам жана 250 техника  тартылган. Эл башы Нурсултан Назарбаев жана президент Касым-Жомарт Токаев бузулган объектилерди 1-авгутска чейин бүтүрүү тапшырмасын берген.

24-июнда Арыстагы курал-жарак сактоочу кампадан чыккан  жарылуудан  көптөгөн үйлөрдүн чатырлары кулап, айнек-терезелери керектен чыккан. Окуя болгон учурда шаар тургундары  коопсуз жайга чыгарылган. Кырсыктан  оор жаракат алган 3 адам каза болуп, 90го жакын адам ар кандай жаракат алган. Окуя болгон жерге президент Касым-Жомарт Токаев да барган.

 

Рубрики: ДҮЙНӨДӨН

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>