Асел Кодуранова ИИМге сурак берүүгө кирип кетти

Асел Кодуранова ИИМге сурак берүүгө кирип кетти

Бүгүн, 13-августта Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова Ички иштер министрлигине экинчи ирет сурак берүүгө кирип кетти.

Депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина 9-август күнү да ИИМге сурак беришкен. Алар 6 саатка созулган сурактан кийин чыгарылган.

Белгилей кетсек, Кодуранова 7-8-августта Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди  кармоо операциясындагы башаламандыкта күбө катары суралып жатканын 9-августта тастыктаган. Ошондой эле ал журналисттерге кошумча маалымат берүүгө укугу жок экенин айткан. Себеби ал сурак учурундагы маалыматтар сыртка чыкпасын деген милдеттеме алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>