Аскар Акаев Жээнбековду колдоп, Текебаевди мактады

Аскар Акаев Жээнбековду колдоп, Текебаевди мактады

Сооронбай Жээнбеков бар күчүн өлкөнү өнүктүрүүгө жумшайт. Мындай пикирди  мурдагы президент Аскар Акаев “Азия Ньюс” гезитине берген маегинде айткан.

Тунгуч президент кыргызстандыктарга кайрылып, учурдагы өлкө башчысын колдоо керек экенин белгилеп өткөн.

“Ал ар кандай кыйынчылыктарга туш болууда, ошондуктан аларды өз убагында чечип, башка да маселердин алдын алуу керек. Биздин эл аны колдоого тийиш.”, — деген ал.

Муну менен катар ал Өмүрбек Текебаевдин эң тажрыйбалуу депутат экенин да атап өткөн.

«Текебаев өлкөдөгү саясий прецесстерге дайыма активдүү катышып, мыйзам чыгарууга олуттуу салымын кошо алган. Акыркы жылдары саясий куугунтукту башынан өткөрдү. Эми анын, ошондой эле Садыр Жапаровдун акталышына жол ачылды десем жаңылбайм. Феликс Кулов менен эч кандай байланышым жок. Бирок ал жакында эле “Акаев өлкөгө кайтып келиши керек” деген пикир айтыптыр. Бул үчүн Феликс Шаршенбаевичке ыраазычылык билдирем”, — деген Аскар Акаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>