Аспеков калп айтканы жана жалган жалаа жапканы үчүн жооп бериши керек, — Галина Байтерек

Аспеков калп айтканы жана жалган жалаа жапканы үчүн жооп бериши керек, — Галина Байтерек

Жарандык активист Мелис Аспековдун өлкө башчысы Садыр Жапаров президенттике талапкер болуп турганда, 10-январда кезексиз президенттик шайлоонун астында Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси Асылбек Жээнбековдон 10 миллион доллар алганы карандай калп. Бул тууралуу “Репортёрго” өлкө башчынын маалымат катчысы Галина Байтерек  билдирди.

“Мелис Аспеков учурда УКМКнын тергөө абагында жатканына маани бериңиздер, ага “Кыргыз темир жолу” ишканасынан пара талап кылганга айып тагылган. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун шайлоо компаниясын каржылаган эмес. Пара алууга айыпталган Мелис Аспеков, мамлекет башчыны каралагысы, анын кадыр баркын түшүргүсү келип жатат. Аспеков башаламандык уюштурган жана калп билдирүүлөрдү жасап көнгөн, бирок ар бир нерсенин чеги болуш керек”, — деди Байтерек.

Анын айтымында, калп жана  жалган айтканы үчүн Аспеков мыйзам алдында жооп бериши керек.

“Өзүлөрүн салмактуу саясатчыбыз деген айрым ишмерлер бул окуяга таянып алып, ар кандай талкууларды жаратып, Садыр Жапаровду жана анын реформаларын жаманат атты кылганы өкүндүрөт”, — деп кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>