Атамбаев үй камагына чыгарылган жок

Атамбаев үй камагына чыгарылган жок

Биринчи май райондук соту 28-январда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти кароону улантты.

Андагы башкы айыпталуучу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну адвокаттары Сергей Слесарев менен Замир Жоошев өтүндү. Сот аны канааттандырган жок.

Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирүү таратты.

Сот бул иш боюнча 2020-жылдын июнь айында Атамбаевди 11 жыл 12 айга кескен. 30-ноябрда Жогорку сот ишти кайра кароого жөнөткөн.

Атамбаев ушул тапта Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал 28-январдагы сот прецессине барган жок. Ошондой эле айыпталуучу гематолог-дарыгер Абдухалим Раимжанов да барбагандыктан соттук отурум 3-февралга жылды.

Алмазбек Атамбаев саламаттыгынан улам мындан мурунку соттук отурумдарга да катышкан эмес. Анын адвокаты Замир Жоошев мурдагы президенттин омурткасынан эки грыжа табылгандыктан, көпкө чейин отура албай турганын, ошондой эле жүрөк жана башка оорулардан жабыркап жатканын айтып, соттон Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн.

Атамбаевге карата козголгон бир нече кылмыш иши ноябрдан бери Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бириктирилип каралууда. Алар — Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук, «Терек» сурма кениндеги коррупция боюнча кылмыш иштери.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>