Атамбаев ИИМге суракка чакырылды

Атамбаев ИИМге суракка чакырылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июлда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

9-июлда эртең менен суракка барышы керектиги жазылган  чакырууну милиция кызматкерлери Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришкен. 

Ал эми Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, суракка барбай турганын, аны суракка чакыруу мыйзамсыз экенин айтты.

«Мага ар кандай кагаздарды алып келишет. Мындан кийин дагы ушул өңдүү кагаздарды милиция, прокуратура, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери алып келеби, аларды укук боюнча өкүлүм — Сергей Слесаревге берем.

Азыркы бийлик мага каршы оюн болуп жатканда  Конституцияны, мыйзамды дагы бузган. Мындан кийин кагаз болобу, чакыруу болобу мага эмес юристиме бере беришсин. Азыркы бийлик  мыйзамды сыйлап баштамайынча алардын оюнуна катышпайм», — деди Атамбаев.

Эскерте кетсек, 27-июнда Жогорку Кеңеш 103 депутаттын макулдугу менен Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент статусунан ажыраткан. Башкы прокуратура Атамбаевди жоопко тартуу боюнча 5 айыпты аныктаган. Алар:

  • Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууну уюштуруу;
  • Кой-Таш айылында Атамбаев турак жай салган жер тилкени мыйзамсыз сатып алуу;
  • Акча адалдаган “Ака Петролеум” жана “АКА Инвест” компаниялар менен Атамбаевдин тиешеси болушу мүмкүндүгү;
  • Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча;
  • ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келген компания менен Атамбаевдин байланыштыгы. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>