Атамбаев, Сариев, Текебаев. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн тизмеси

Атамбаев, Сариев, Текебаев. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн тизмеси

Бүгүн УКМК 2010-жылдагы «июнь окуясы» боюнча тергөө иштери жанданды деген маалымат таратты.

«Президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөсүнө ылайык, 2021-жылдын 15-апрелинде УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө улантылды, Убактылуу Өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине өлкө тышына тоскоолдуксуз, мыйзамсыз чыгууну жеңилдеткендиги үчүн козголгон. Бул белгилүү 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясын жараткан Кадыржан Батыровдун өлкөдөн тоскоолдуксуз чыгуусуна байланыштуу болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Reporter.kg Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн тизмесин эсиңизге салат:

— Анда өлкөнү Роза Отунбаева — Убактылуу Өкмөттүн башчысы жана өткөөл мезгилдин президенти башкарган;

— Темир Сариев анын каржы боюнча орун басары болуп дайындалган;

— Алмазбек Атамбаев — экономика боюнча орун басары;

— Өмүрбек Текебаев — Конституциялык реформа боюнча депутат;

— прокуратура жана каржы полициясы боюнча орун басары — Азимбек Беканазаров (учурда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси);

— Убактылуу өкмөттүн аппаратынын жетекчиси — Эмилбек Каптагаев.

Андан кийин Болотбек Шерниязов Ички иштер министрлигин, УКМКны — Кеңешбек Дүйшөбаев жетектеген; Саламаттык сактоо министри — Дамира Ниязалиева; Коргоо министри — Исмаил Исаков, Маданият министри — Рыскелди Момбеков (учурда Жогорку Кеңештин депутаты), Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев (азыр дагы ушул бөлүмдү жетектейт), Юстиция министри — Аида Салянова жана башкалар .

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>