Атамбаевдин камак мөөнөтү эки айга узартылды

Атамбаевдин камак мөөнөтү эки айга узартылды

Биринчи Май райондук соту УКМКнын имаратында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Жактоочулар эми Биринчи Май райондук сотунун чечимине макул эместигин билдирип, шаардык сотко кайрылышмакчы.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин атайын операциясынан соң колго түшүп УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал бир нече оор кылмыштарга шектелүүдө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>