Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун сот отуруму 7-августка жылдырылды

Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун сот отуруму 7-августка жылдырылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун сот отуруму 7-августка жылдырылды. Анын иши бүгүн, 31-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда каралды.

УКМК Тергөө башкы баршкармалыгы тарабынан Икрамжан Илмиянов  тарабынан алдоо жолу менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча айып тагылууда.

Эскерте кетсек, “Шоопур” деген каймана ат менен таанылган Атамбаевдин мурдагы аппарат жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга алынып келинип, УКМКнын тергөө абагында киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>