Атамбаевдин тарапташтары анын туулган күнүнө карата куттуктоолорду чогултат

Атамбаевдин тарапташтары анын туулган күнүнө карата куттуктоолорду чогултат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата куттуктоолор чогултулуп, анын тарапташтары тынчтык акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Атамбаевдин тарапташтары 17-сентябрда Бишкек шаарындагы Горький эс алуу багына тынчтык митингин өткөрүүнү пландашууда. Алар митинг өткөрүүгө мэрияга билдирүү жөнөтүшкөн. Мындан тышкары Атамбаевдин туулган күнүнө топтолгон куттуктоолорду президентке жеткирүү аракеттери да көрүлөрү маалым болду.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Андан соң Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-октябрга чейин камакта калтырылган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>