Атамбаевдин уулу Текебаевди «акылдан айныган» деди. Муну Текебаевдин кызы кандай кабыл алды?

Атамбаевдин уулу Текебаевди «акылдан айныган» деди. Муну Текебаевдин кызы кандай кабыл алды?

Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы каралып жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин алдында келген мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаев журналисттерге Дач-СУ айылына кулаган учак боюнча өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев учактагы жүк Атамбаевке таандык болгон деп өз ойунан чыгарып айткан.

«Адегенде Текебаев учактагы электрондук жабдуулар бизге тиешелүү деген жомокту ойлоп тапты. Ал эми жакында эле берген маегинде бизди электр чайнектери менен тонналаган алтындарды чыгарып кеткен деди. Бул деген акылдан айныгандык да. Чайнек менен кимдер алтын ташымак эле. Ушандай да сандырактык кеп болобу?”, — деген ал.

Өмүрбек Текебаевдин кызы Айденек “Фейсбук” аркылуу  Кадыр Атамбаевдин айтканына үн катып, ал келжирек сөздөрдү айтса да  анын деңгээлине түшпөй турганын билдирген.

Чынын айтсам мен бул келжирек сөздөргө түшүндүрмө деле бергим келбейт. Видеону көрүп баштаганымда эле мага жагымсыз болду да, аягына чыга алаган жокмун. Айтайын дегеним,  ал муну менен макул болбосо да (Дача-СУ) өз атасын коргойт (мен аны түшүнүп турам), бирок жеке сапатка чейин асылып, туура эмес жүрүм-турум көрсөтүүнүн кереги жок”, — деп жазган ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>