Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев Молдовановкадагы абакка которулду

Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев Молдовановкадагы абакка которулду

УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев кылмыш-жаза мөөнөөттүн өтөө үчүн Чүй облусундагы Молдовановка айылындагы №27 абакка которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик комитети билдирди.

Бишкек шаардык соту Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Анда Свердлов райондук соту ушул жылдын 24-майында Дамир Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыраткан. Ал буга чейин СИЗО-1де болчу.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын февраль айында ага карата «кызматтык абалынан пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп айыпталган.

Мусакеев УКМКнын 9-кызматынын жетекчилигине 2016-жылы 1-июнда дайындалып, 2018-жылы өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Ал Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>