Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева күйөөсүнүн камалышы боюнча комментарий берди (видео)

Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева күйөөсүнүн камалышы боюнча комментарий берди (видео)

Раиса Атамбаев бүгүн, 16-августта күйөөсүнүн жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы менен ага карата тергөөгө байланыштуу кайрылуу жасады. Ал бийликтин жолдошуна, үй-бүлөсүнө жана үзөңгүлөштөрүнө карата иш-аракеттерин «куугунтук» деп атады.

«Мен саясатка эч качан аралашкан эмесмин жана сотторго да кысым көрсөткөн эмесмин. Мен Манасбек Арабаевди билчүмүн, себеби ал Алмазбек Атамбаевдин командасында иштечү. Бүгүн мага карата кылмыш иши козголгонун билдим», — деди Раиса Атамбаева. 

Белгилей кетсек, соттордун Ак Үйдөгү куратору» атыккан Манасбек Арабаев Раиса Атамбаевага карата каршы көрсөтмө берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>