Аял-депутаттар форуму: Бийлик органдарында жетекчилердин арасында аялдар аз болуп жатат

Аял-депутаттар форуму: Бийлик органдарында жетекчилердин арасында аялдар аз болуп жатат

Жогорку Кеңештин аял депутаттары Нарын облусунда гендердик саясат, социалдык-экономикалык көйгөйлөр боюнча пикир алышып келди. Ага депутаттар Аида Касымалиева, Жылдыз Мусабекова, Рада Туманбаева барган.

Нарын шаарындагы музыкалык мектептеги жоголугушуунун жүрүшүндө көптөн бери чечилбей келаткан жарандардын социалдык кепилдиктерин камсыздандырууга байланышкан көйгөйлөр көтөрүлдү. Депутаттар бул форум аялдардын саясаттагы ордун белгилөө жана социалдык мааниси зор мыйзамдардын кабыл алынышына катышуусу боюнча өз ара пикир алыша турган чоӊ аянтчага айланып калганын белгилешти.

«Аял-депутаттар форуму гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча жергиликтүү коомчулуктун, парламенттин, өкмөттүн ортосундагы өз ара байланыш көпүрөсү болуп саналат. Парламенттеги аялдардын биргелешкен аракетинин натыйжасында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, эрте нике кыюу, кыз ала качуу сындуу жосундарга каршы туруунун укуктук механизмдери түзүлдү, айылдык кеӊештердеги аялдар үчүн 30 пайыздык квтота белгиленди. Азыр биз жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамды өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз», — деди вице-спикер Аида Касымалиева.

Депутат Жылдыз Мусабекова жогорку бийлик турумундагы, жергиликтүү бийлик органдарындагы жетекчилердин арасында аялдар абдан аз болуп жатканын айтты.

Ал эми депутат Рада Туманбаева үй-бүлө институту коомчулук арасында орун алган көптөгөн терс көрүнүштөрдөн арылууда чоӊ роль ойноп, адамдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>