Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, ур-токмокко алган адамдын иши сотко жөнөтүлдү

Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, ур-токмокко алган адамдын иши сотко жөнөтүлдү

Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, кордогон адамдын иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, бетине уруп жаткан видеосу тараган 52 жаштагы кишинин иши тергелип бүткөн. Ага Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) жана Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) менен иш козголуп, иликтенген.

Кечээ, 17-июнда тергөө иши жыйынтыкталып, соттун кароосуна жиберилген. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>