Аянттагы митингде каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек жерге берилүүдө – видео

Аянттагы митингде каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек жерге берилүүдө – видео

Ала-Тоо аянтындагы башаламандыкта каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу бүгүн Баткенде жерге берилүүдө. Бир үйдүн жалгыз уулу кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда жараат алып көз жумган. Маалым болгондой, тажияга саясатчылардан эч ким барган жок.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү жана алардын тарапташтары 5-октябрда митингге чыккан. Акция массалык башаламандык менен коштолгон.

Белгилүү болгондой, митингде 900дөй киши ар кандай жаракат алган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>