Ажылык сапарга кеткен кыргызстандыктар 17-августтан тарта мекенге келе баштайт

Ажылык сапарга кеткен кыргызстандыктар 17-августтан тарта мекенге келе баштайт

Кыргызстандык ажылар ажылык амалдарын ийгиликтүү аткарышып, Мина өрөөнүнөн толугу менен Мекке шаарына кайтып келишти. Алар 17-августтан 1-сентябрга чейин мекенине кайтып келе башташат. Бул туралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Учурда кетүүгө камылга көрүшүүдө.

«Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош  багыттары боюнча өлкөбүзгө кайтышат. Кыргызстандык ажылар ажылык амалдарын аткарып бүтүштү. Азыркы мезгилде 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабы ажылардын мекенибизге кайтуу рейстерин такташууда. Быйыл ажылык ишин жогорку деңгээлде уюштурууга бардык күч аракетибизди жумшадык. Ажыларыбыз мамлекет, элибиз, жерибиз үчүн дуа кылышып, Жараткандан жакшы тилектерди сурашты»,- деди ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Замир каары Ракиев.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 6010 квота бөлүп берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>