Ажылыкка аттанган Баткендик зыяратчылар Мединага учуп кетишти

Ажылыкка аттанган Баткендик зыяратчылар Мединага учуп кетишти

Бүгүн, 22-июлда Баткен обулусунан ажылык сапарга аттанган 150 адамдан турган зыяратчы Ош эл аралык аба майданынан Медина шаарына учуп кетишти. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Аларды узатуу иш-чарасы Баткен шаарындагы “Нуьмани” борбордук мечиттинде болуп өттү. Ага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жетекчилер зыяратчыларды узатып жатып, ыйык сапардын жүрүшүндө өлкөбүз, элибиз үчүн бата кылып, аман-эсен өз мекенине кайтуусун айтып, ак-жол каалашты.

Айта кетсек, ажылык сапарга аттанган кыргызстандыктардын алгачкы тобундагы 392 адам 17-июлга караган түнү Бишкектен Сауд Арабиясына учушкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>