Азимжан Аскаровдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилет

Азимжан Аскаровдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилет

47-абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү союлуп медициналык текшерүүдөн өткөрүлдү.

Анын жыйынтыгы 27-июлда чыгарын «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди. Укук коргоочунун сөзүнө караганда, Аскаров жубайы Хадича Аскаровага калтырган керээзи боюнча сөөгү Өзбекстанда жерге берилет.

«27-июлда Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине барып сүйлөшүп, Аскаровдун сөөгүн Өзбекстанга салабыз. Ал аялына «мен жаман болуп жатам. Эгерде өлүп калсам балдарым сөөгүмдү Өзбекстанда жерге берсин» деп айткан сөздөрү бар», — деди Исмаилова.

Ал Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу кыргыз өкмөтү менен соттошо турганын, Кыргызстандын түрмөлөрүндө айыбы далилденбеген дагы бир топ адамдар камалып отурганын кошумчалады.

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров 25-июлда №47 абакта каза болду.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Аскаровго алдын ала «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлганын кабарлаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>