Бүбүкан Досалиеванын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду

Бүбүкан Досалиеванын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист Бүбүкан Досалиеванын сөөгү 7-июлда Бишкектин “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Маркум менен коштошуу зыйнатына туугандары, жакындары, мамлекеттик ишмерлер, кесиптештери жана замандаштары келишти.

Бүбүкан Досалиева 5-июлда 62 жаш курагында оорудан улам каза болгон.

Ал көп жылдар бою “Азаттык” радиосунда эмгектенген. Мындан сырткары КТРК, “Сары Өзөн Чүй” телеканалдарында дагы иштеп кеткен.

Бүбүкан Досалиева Жусуп Баласагын атындагы КУУда жана Кусейин Карасаев атындагы БГУда журналистика кафедраларында иштеп, жаш журналисттерди тарбиялоого өз салымын кошкон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>