Бүгүн Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт

Бүгүн Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт

Бүгүн, 20-сентябрда Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча кыз-келиндердин дүйнө чемпиондугунун финалында күрөшөт.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова кыздардын эркин күрөшүнөн б2 килограммга чейинки салмакта күч сынашууда. Анын бүгүнкү каршылашы Болгариялык балбан Тайбе Мустафа Юсейн болмокчу. Таймаш кечки саат 18:00дө башталат.

19-сентябрда Тыныбекова эки беттеш өткөргөн.  Чейрек финалда украиналык Юлия Ткач Остапчукту, 9:6 эсебинде жеңип алып жарым финалга чыккан. Жарым финалда түндүк Кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсебинде жеңип алып, 2020-жылы Токиодо өтө турган олимпиада оюндарына жолдомону утуп алган.

16-сентябрдан бери Казакстандын Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында  кыз келиндер арасында  күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Мелдеш 22-сентябрда жыйынтыкталат.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын эгемен тарыхында кыз келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алтын байгеси үчүн биринчи жолу Айсулуу Тыныбекова күрөшүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>