Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши каралат

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши каралат

Бүгүн, 29-августта саат 14:00дө абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иш алардын баш коргоо чарасын кароо менен башаталат. Бул тууралуу саясатчылардын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Токтакунова абактагы саясатчыларды үй камагына чыгаруу тууралуу арыз менен кайрылып жатышканын айтты. Ал мыйзам өлкөдөн чыкпоо шарты менен чыгарганга өзүнүн жүйөлөрү бар экенин белгиледи.

Жогорку Сот 21-августта Текебаев менен Чотоновдун ишин карап, Мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден “пара алды” деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Ал эми Маевский Орусияда алдамчылыкка шектелип, камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>