Бүгүн Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды

Бүгүн Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды

Бүгүн, 19-апрелде Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдиргенин «Марал» жазды.

Маалым болгондой, борбор калаада коронавирус жалпы 29 окуучудан жана 22 мугалимден табылган.

«Ооругандар көбөйүп жатат. Карантинге кеткен 4 мектеп 3-майга чейин жабылды. Эгер окуу жайда 2ден ашык кызматкерден илдет табылса, анда карантинге жабылат», — дейт ал.

Иманалиева апрель айынан бери 7 мектеп кайра онлайн режимге өткөнүн белгиледи.

«21-апрелде №13 мектеп, 22-апрелде эки мектеп, 24-апрелде бир жана 26-апрелде калган мектептер ачылат», — деп билдирди Иманалиева.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>