Бүгүн футбол боюнча Ош дербиси орун алат

Бүгүн футбол боюнча Ош дербиси орун алат

Бүгүн, 7-майда футбол боюнч Кыргыз Премьер-лигасынын 7-турунун алкагында Ош шаарынын “Каганат” жана “Алай” командалары беттешет.

Оюн экинчи борбордогу Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтүп, саат 17:00дө башталат.

Эки команда алгачкы турда беттешип, анда Кыргызстандын төрт жолку чемпиондору “Каганатты” 2:1 эсеби менен утуп алган.

Эки команда өлкө чемпиондугунун алкагында жалпы 3 беттеш өткөрүп, баарында “Алай” жеңишке (“Каганат” 0:1 “Алай”, “Алай” 2:0 “Каганат”, “Каганат” 1:2 “Алай”) жеткен.

Беттешти Кыргыз Спорт телеканалы түз эфирде көрсөтөт.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>