Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүн маалыматты угулат

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүн маалыматты угулат

Бүгүн, 18-сентябрда парламенттин жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча өкмөт башчы жана тиешелүү ведомстволор парламент жыйынында маалымат берсин деген сунуш киргизди.

Төраганын сунушун депутаттар колдоого алып, чек ара боюнча өкмөттүн маалыматтын угуу бүгүн сатт 14.00гө белгиленди.

«16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында күтүлбөгөн кырсык болуп кетти. Премьер-министр, депутаттар Баткенге барышып, эл менен жолугушту. Ошолордун баарын эске алып, бүгүн саат 14.00дө премьер-министрди чакырып, маалымат уксак. Ал эми чек ара маселеси тууралуу токтомдордун аткарылышы боюнча маселени кийинки аптада карасак», — деди спикер.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>