Бөтөлкөдөгү суунун ден соолук үчүн кооптуулугу айтылды

Бөтөлкөдөгү суунун ден соолук үчүн кооптуулугу айтылды

Бардык эле сууну ичүүгө ылайыктуу кылса болот — болгону процедуранын технологиясынан жана анын жасалуусунан көз каранды. Тактап айтканда, суу түтүгүндө бир катар зыяндуу заттар бар, аларды заманбап тазалоо системасы жок кыла албайт. Бул тууралуу Barrier компаниясынын эксперт-биохимиги Мария Кулешова Орусиялык маалымат каражаттарына билдирген.

Анын айтымында, крандагы сууга караганда бөтөлкөдөгү сууну ичкен жакшы, бирок бөтөлкөдөгү суунунда көйгөйлөрү бар. Анын курамында уулуу элементтер жана нитраттар көп кездешет, бирок тазалоо процессинде аны бир катар пайдалуу туздардан жана микроэлементтерден ажыратууга болот. Росконтролдун маалыматы боюнча, Орусиянын дүкөндөрүндөгү суунун айрымдарында микробдордун саны 70 эсе көп.

«Мисалы, Швециядан келген окумуштуулар пластикалык сууну колдонгон адам рак илдетине кабылуу мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатарын далилдешти. Эгер күн астында турган бөтөлкөдөн ичсеңиз, мындай ыктымалдык он эсеге чейин көбөйөт», — деген Кулешова.

Анын пикиринде, эң таза сууну үйдөн суу фильтр аркылуу алууга болот. Анын үстүнө, мындай суу ар дайым таза болорун кошумчалаган.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>