Баасы кескин кымбаттаган азык-түлүктөр. Тизме

Баасы кескин кымбаттаган азык-түлүктөр. Тизме

Өткөн жылдын акыркы айында май, картошка жана тооктун жумурткасы сыяктуу азык-түлүктөрдүн баасы кыйла өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Декабрь айында өлкө боюнча азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 3,9%га жогорулагандыгы белгиленди. Картошка баарынан кымбаттады — 15%га, ал эми май 12,3%га кымбаттады. Тооктун жумурткасынын баасы өткөн жылдын акыркы айына салыштырмалуу 9,4%га жогорулады.

Акыркы бир жылдын ичинде баалар 17,6%га жогорулагандыгын кошумчалайбыз, салыштыруу үчүн, 2019-жылдын декабрь жана 2020-жылдын декабрь айлары алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>