«Бабанов берген акчаны жетекчилер жеп алды» деген медайымдын билдирүүсү тарады

«Бабанов берген акчаны жетекчилер жеп алды» деген медайымдын билдирүүсү тарады

Бишкектеги Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун медицина кызматкери социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасады.  Анын кайрылуусун Анара Касымбекова атту «Фейсбук» колдонуучусу баракчасына жайгаштырды.

Анда Өмүрбек Бабанов тарабынан медиктерге сый акы деп берилген акчаларды оорукананын жетекчилери өз-ара бөлүп алышканы айтылат.

Акматованын постуна медайым менен болгон анонимдүү баарлашу тиркелген. “Сизден бардык жакка бөлүшүп бериңүздөрдү суранам, баары билсин, көрсүн. Өмүрбек Бабанов бөлүп берген акчалар дарыгерлерге жана медайымдарга берилген жок. Биздин борбордун жетекчилери жана профком өздөру бөлүшүп алышты”, – деп жазган ал.

Бул боюнча “Кыргызстан” коммерциялык банкынын жетекчилиги төмөндөгүдөй жооп берген:

“Биз коронавирус менен күрөшүп жаткан медкызматкерлерге акчалардын бөлуштүрүлүп берилгендиги тууралуу тизмени талап кылганбыз, тизме жана расмий жооп келген. Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордон 125 кызматкердин тизмесин алганбыз, аларга 895 миң сом бардык ызматкерлерге, санитарларга, лаборанттарга дагы бөлүштүрүлүп берилгени жазылган. Тилекке каршы, ал тизме кандай даярдалат биз көзөмөлгө ала албайбыз”, ­– деген банк жетекчилиги.

Аталган борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаевге байланышуу аракетибизден майнап чыкпады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>