Бакиевди жактап тасма көрсөткөн “New TV” жана “NUR TVнын” жетекчилери УКМКга чакырылды

Бакиевди жактап тасма көрсөткөн “New TV” жана “NUR TVнын” жетекчилери УКМКга чакырылды

“New TV” жана “NUR TV” телеканалдарынын жетекчилери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чакырылды. Бул тууралуу атайын кызмат тараткан билдирүүдө айтылат.

“Аталган телеканалдардын жетекчилери Нурланбек Шакиев жана Бекболот Келдибеков профилактикалык маекке чакырылды. Аларга чагымчыл видео материалдарды жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыйуу салуу боюнча расмий эскертүү жарыяланды. Айтылган жетекчилер бул нерсеге түшүнүү менен карап, алдыда мындай иш аракеттердин кайталанбастыгына милдеттенме алышты”, — деп жазылат анда.

30-июль күнү “NewTV” жана “НурТВ” телеканалдарында мурдагы президент Курманбек Бакиедин 70 жылдык юбилейине карата карата аны жактаган тасмалар көрсөтүлгөн.

“NewTV” телеканалынын жетекчиси Нурланбек Шакиев РЕПОРТЕР агенттиги менен болгон аңгемелешүүсүндө, “Тасмада саясат жок, аны жарыялоо аркылуу кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын коргойлу, коомго бүлүк салалы деген ойюбуз болгон эмес” деп айткан.

 Ал эми УКМКнын басма сөз өкүлү Кубан Арзыкулов «телеканалдарга жарыяланган тасма боюнча юридикалык баа берилбеби?» деген суроого жооп бере алган эмес. Бирок атайын кзымат эскертүү билдирүү тараткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>