Бакиевдин учурундагы Улуттук банктын жетекчисинин иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү

Бакиевдин учурундагы Улуттук банктын жетекчисинин иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү

2006-2010 -жылдары Улуттук банкты жетектеген Марат Алапаевдин иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу маалымат, ошондой эле Жогорку Соттун өкүмүнүн сүрөтү социалдык тармактарда жарыяланган.

Жарыяланган документтерге ылайык, 2021-жылдын 18 -августунда Октябрь райондук сотунун 2015 -жылкы өкүмү жокко чыгарылып, иш кайра кароого жөнөтүлгөн. Мындай чечим жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кабыл алынган. Тактап айтканда, Алапаевдин Улуттук банктагы орун басары Кубанычбек Бөкөнтаевдин көрсөтмөсүн өзгөрткөнү негиз болгон. Дал анын соттогу сөздөрү Алапаевдин айыптуу өкүмүнүн негизин түзгөн, ага ылайык ал 19 жылга эркинен ажыратылган.

Бөкөнтаев жаңы көрсөтмөсүндө 2010 -жылдын 7 -апрелиндеги окуялардан кийин прокуратуранын тергөөчүлөрү аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, сурак учурунда эмоционалдык басым көрсөтүшкөнүн, ал кээде 9 саат катары менен созулганын айткан. Алар аны Марат Алапаевге каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан. Баса, Алапаев ал учурда өлкөдө жок болчу, ал апрель окуясынан кийин дароо көздөн кайым болгон. Анын айтымында, прокуратуранын тергөөчүлөрүнөн тышкары, Кубанычбек Бөкөнтаевге кысым көрсөтүү убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлгөн. Алар суракка дагы катышкан имиш.

Марат Алапаев соттолгон кылмыш ишине башка адамдардын да катыштыгы бар: Максим Бакиев, Жаныбек Бакиев, Евгений Гуревич, Сергей Ким, Михаил Надель жана башкалар. Алардын жазалары кайра каралган эмес.

Жогорку Сотко Reporter.kg комментарий алуу үчүн кайрылганда, бул маалымат боюнча кийинчерээк комментарий берүүнү убада кылышты.

Эскертүү, документтерге караганда, Марат Алапаевдин кызыкчылыгын сотто Александр Мощин коргогон. Ошондой эле Александр Мощин өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Адвокат Марат Алапаевдин иши боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

«Бул чындыкка дал келбейт, жаңылыштык», — деп жооп берди ал Reporter.kgнин суроосуна.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>