Бакыт Төрөбаев пневмониядан сакайып, Жалал-Абадда стационар ачууда

Бакыт Төрөбаев пневмониядан сакайып, Жалал-Абадда стационар ачууда

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев каза болду деген маалымат калп. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында Бакыт Төрөбаев пневмониядан сакайып ооруканадан чыккан. Учурда стационар ачуу аракети менен чуркап жүрөт.
«Фейк маалыматтарга ишенбеңиздер, ден соолугу жакшы, сакайып чыгыптыр. Бул күндөрү Жалал-Абад шаарына 50 орундук стационар ачууга аракет кылып жатыптыр. Бир гана маселе эмгек акысын жогору кылып төлөп берели десек да врачтар табылбай жатат дейт. Депутат жакында эле Ош шаарындагы мейманканасын медицина кызматкерлери үчүн обсервацияга берген. Андан сырткары жакында эле пандемияга каршы күрөшүү фондуна 1 миллион сом которгон. Бакыт Эгешович «Эл өкүлдөрү элдин арасында болушу керек» деген постумду окуптур. «Элдин арасында жүрөбүз. Мындан кийин дагы ушул оору менен күрөшүүгө колдон келген жардамыбызды беребиз деди», — дейт Нуракун уулу.

Эскерте кетсек, буга чейин айрым Фейсбук колдонуучулары Бакыт Төрөбаев пневмониядан каза болуп калды деп жазышкан эле.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>