Балдарынын фамилиясына өз атын берген активист Капалова сот боюнча комментарий берди — видео

Балдарынын фамилиясына өз атын берген активист Капалова сот боюнча комментарий берди — видео

Балдарына атасынын аты үчүн «энелик» берген активист Алтын Капалованын соту жылдырылды. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, судья семинарда болгондуктан, сот отуруму жылдырылды.

«Алар жаңы күндү белгилешип, кошумча документтерди беришти. Чынын айтсам, азыр эмне болуп жаткандыгын жакшы түшүнбөйм. Аялдарга жана балдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялаган мамлекеттин мени күбөлүккө өзүмдүн аты-жөнүмдү киргизгеним үчүн эле күтүүсүздөн эмне үчүн мени сотко бергенин түшүнбөйм. Эски мыйзамдарды казбай, аялдар менен балдардын кызыкчылыгы үчүн иш алып барышыбыз керек деп эсептейм», — деди ал.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматы активист Алтын Капаловага каршы сотко кайрылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>