Башкы прокурор: Коюлган айыптар боюнча Атамбаев 15 жылга камалышы мүмкүн

Башкы прокурор: Коюлган айыптар боюнча Атамбаев 15 жылга камалышы мүмкүн

“Атамбаев кайсы кодекс боюнча жазага  тартылат?” Мындай суроону бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтыкбек Шайназаров Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго берди. Жыйында  Алмазбек Атамбаевдин экс-президент жана кол тийбестигинен ажыратуу боюнча  маселе каралууда.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов тергөө иштери 2019-жылы күчүнө кирген жаңы кодекске ылайык жүрүүдө экенин билдирди.

«Атамбаев «Коррупция» беренеси боюнча быйыл январь айында күчүнө кирген кодексттер боюнча жүрөт. 319-берененин биринчи бөлүмү бул 5-категорияда эркинен ажыратуу көрсөтүлгөн. Анда 10 жылдан 12 жыл 6 айга чейин, ал эми экинчи бөлүгүндө 6-категорияда 12 жыл 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн», — деди Башкы прокурор.

Рубрики: САЯСАТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>