Башкы штаб биргелешкен атайын тактикалык машыгуу өткөрөт (фото)

Башкы штаб биргелешкен атайын тактикалык машыгуу өткөрөт (фото)

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы биргелешкен “Сары-Таш-2019” машыгуусун  өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай машыгуу 18-20-июль күндөрү өткөрүлүп, ага Кургактагы аскерлер, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрү, ИИМ, УКМК жана ӨКМдин өкүлдөрү катышат.

Машыгуунун максаты Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз куралдуу топту бөгөттөө жана жок кылуу боюнча биргелешкен операциялык машыгууларга даярдык көрүү болуп саналат.

Машыгууга 500гө жакын адам, 100төн ашуун аскердик техника, артиллериялык тутум, самолеттор, вертолеттор жана  учкучсуз учуучу аппараттар  тартылат.

Машыгуунун жүрүшүнө даярдыктарды көрүүдө  Сары-Таш аймагында керектүү инфратүзүм түзүлүп,  шарттары менен талаа чатыр лагери  курулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>