Баткен облусунда 90 орундуу оорукананын курулушу башталды

Баткен облусунда 90 орундуу оорукананын курулушу башталды

Баткен облусунда 90 орундуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов билдирди. 

Анын айтуусуна караганда, аталган оорукананын курулушуна 12 млн сом бөлүнгөн. 

«Баткен шаарында жайгашкан мурдагы облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүп, жугуштуу илдеттер ооруканасына ыңгайлаштырылат. Курулуш иштери үчүн мамлекет тарабынан 12 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Учурда жумуш башталып, бир айлык мөөнөттө курулушту бүткөрүү аракети көрүлүп жатат», — деди Абдрахманов.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков июль айында күндүзгү стационарларды кыдырып жүрүп, бардык облустардын борборлоруна заманбап оорукана куруларын убадалаган.

иллюстрациялык сүрөт
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>