Баткен: Унаа токтотуучу жайдан Портер күйүп кетти

Баткен: Унаа токтотуучу жайдан Портер күйүп кетти

Бүгүн, 14-январь саат 08:00 чамасында  Кадамжай районунун Халмион айылындагы Баяман базарынын унаа токтото турчу жайында  турган Портер үлгүсүндөгү авто унаа өрттөнүп жатканы кабарланган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүү кызматы тартылган. Саат 08:42 де өрт чектөөгө алынып, саат 08:47де өрт толугу менен өчүрүлдү.

Жабыр тарткандар жок. Өрттүн себеби такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>