Баткен: Зарыктырган мектеп ишке кирди

Баткен: Зарыктырган мектеп ишке кирди

Баткен районунун Газ айылында 225 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп ишке берилди. Билим берүү министрлиги кабарлады.

Ал имарат эки кабаттуу, спорт зал, жыйындар залы, ашкана жана очокканасы бар. Ошондой эле бардык эмеректер жана жабдыктар менен камсыздалган. Ошону менен бирге министрлик белек катары мектепке 7 комплект компьютер берди.

Окуу жай 2016-жылы “Азия курулуш компани” жоопкерчилиги чектелген коому куруп баштаган. Маалыматта канча каражат кеткени айтылган эмес. Бирок, мектеп 5 жылдан ашык убакытта салынып бүттү.

Ушул тапта мектепте 362 окуучу 2 нөөмөттө окуп жатат. 32 окуучу жаңы окуу жылында алгач мектеп босогосун аттады.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>