Баткенде 19 жаштагы эки жигит изделүүдө

Баткенде 19 жаштагы эки жигит изделүүдө

Баткен облусунун Сай тилкесинде жоголгон 19 жашташы эки жигитти издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин интернетте Кыргызстандын эки жараны жоголгондугу тууралуу видео тасма тараган.

Бүгүн, 24-апрелинде «Кулунду» чек ара бекетинин жетекчисине Лейлек районундагы Бешкент айылынын тургунунан 2002-жылы туулган А.Д. жана К.К.у. аттуу уулдары жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Жаран алар Лейлек районунун Сай деген тилкесинде курулуш иштерин жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Учурда маалыматты тактоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылат.

Тиешелүү органдар тарабынан жоголгон эки жаранды издөө иштери жүрүп жатканы жана аймакта абал туруктуу экенин маалымдашты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>