Баткенде болгон жер титирөөнүн күчү 5 баллга жетти

Баткенде болгон жер титирөөнүн күчү 5 баллга жетти

5-август күнү Баткен облусунун аймагында жер титирөө болду. Саат 14:18де болгон жер титирөөнүн очогундагы күчү 5 баллга жетти, деп маалымдайт Сейсмология институту.

Жер титирөө Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак, Чоң-Талаа айылдарында 5 балл, Баткен шаарында жана Бужум, Боз-Адыр айылдарында 4,5 балл жана Айдаркен айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>