Баткенде чек арачы менен жай тургунга Тажикстан тараптан атылган ок тийген

Баткенде чек арачы менен жай тургунга Тажикстан тараптан атылган ок тийген

Баткен облустундагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде жарадар болгон жай тургунга жана чек ар кызматкерине Тажикстан тараптан атылган ок тийген.

Облустук милициядан билдиргендей, учурда бул факты боюнча “Киши өлтүрүүгө аракет жасоо” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Белгилей кетсек 6-август күнү саат 05.30 чамасында Баткен районунун Эки-Таш аймагында Тажикстан тараптан атылган ок кыргызстандык чек арачынын колун тешип өткөнү маалым болгон.

Ошол эле күнү  саат 19:30 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын четиндеги Жака-Өрүк участогунда талаада эгин сугарып жүргөн 65 жаштагы кыргызстандык жаранга  Тажикстан тараптан атылган эки ок желкесине жана жамбашынын үстүнө ок тийип, ал ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы айтылат. Кыргыз-тажик участкасындагы мамлекеттик чек арада абал туруктуу деп бааланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>