Баткенде коомдук фонд 10 адамга бекер майыптык арабаларды тапшырды – сүрөт

Баткенде коомдук фонд 10 адамга бекер майыптык арабаларды тапшырды – сүрөт

Баткен облусунда муктаж болгондорго майыптык арабалар тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  майыптык арабага муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 10 адамга “Абийир” коомдук кайрымдуулук фонду майыптык арабаларды тапшырды.  Буга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов да салымын кошуп, аталган фонддун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада 10 адамдын муктаждыгы жеңилдеген.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда жалпы 20 миң 894 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар.

[su_image_carousel source=»media: 54775,54776,54777,54778″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>