Баткенде кош фестиваль өткөрүлүп, 4 өлкөнүн музыканттары катышты – сүрөт

Баткенде кош фестиваль өткөрүлүп, 4 өлкөнүн музыканттары катышты – сүрөт

Баткенде «Салттуу музыка жумалыгы жана «Достук» фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 23-апрелден бери Баткен шаарында «Салттуу музыка жумалыгы» жана «Достук» фестивалы өткөрүлгөн. Анын алкагында оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук, манасчылык, дастанчылык жана акындык өнөр, аваздык-аспапчылык, кол өнөрчүлүк багыттагы өнөр ээлери таланттарын элге тартуулашкан.

Ошондой эле улуттук кийимдер парады,  кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкелери орун алган.

Фестивалга коңшу Өзбекстан, Тажикистан жана Кытай мамлекетинин салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрү катышкан.

Иш-чаранын жабылуу аземине маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев катышып, бир катар маданият кызматкерлерине министрликтин жана облустук өкүлчүлүктүн сыйлыктары тапшырылды.

Белгилей кетсек, Салттуу музыка жумалыгы Маданият министрлиги тарабынан 2004-жылдан бери Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык белгиленип, он жетинчи жолу өткөрүлдү.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>